Кыргызстанда мектептик билим берүү расмий түрдө 12 жылдык системага өттү

Кыргызстанда мектептик билим берүү расмий түрдө 12 жылдык системага өттү. Министрлер кабинети тиешелүү чечим кабыл алып, жаңы окуу түзүмүн 6+3+3 форматына ылайык бекитти.

 

Ага ылайык, алгачкы 6 жыл башталгыч билим берүү болсо, кийинки эки баскыч үч жылдан окутулат. Ошондой эле окуу жылынын узактыгы класстарга жараша 32ден 34 жумага чейин болот. Мектептерге балдарды  5 же 6 күндүк режимде окутууга уруксат берилди.