Кыргызстанда облустар менен райондор жоюлуп, округдарга бөлүнүшү мүмкүн

Кыргызстанда административдик-аймактык реформанын экинчи баскычында облустар менен райондор жоюлуп, округдарга бөлүнүшү мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-апрелде Ош облусунун Ноокат районунун тургундары менен жолугушууда элдин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

 

Мамлекет башчынын айтымында, жалпысынан жыйырмадай округ болот. Алгач бир округ түзүлүп, эки-үч жыл пилоттук долбоор катары иштейт. Эгер ийгиликтүү болсо, демилге андан ары уланат.

 

Эске салсак, аймактык реформанын биринчи баскычы 2024-жылы ишке ашырылып, 7 облустагы 452 айыл аймактан 235и калган.