Кыргызстанда окуу жайларда контрактты көтөрүүгө мораторий киргизилди

Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылында кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарында окуу үчүн акыны жогорулатууга мораторий киргизилди. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, бул окуу жайлардын формасына жана статусуна карабастан жайылтылат.

 

Мындай чечим жарандарды социалдык коргоону күчөтүү, билим алуучулардын укуктарын жана муктаждыктарын ишке ашыруу максатында кабыл алынганы белгиленди.