Кыргызстанда орточо айлык 49 миң 660 сомго жетти

Кыргызстанда орточо айлык 49 миң 660 сомго жетти.

 

Ушул жылдын январь айынан апрелге чейинки маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. Өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу көрсөткүч 21 пайызга өстү.

 

Маянын эң көп өсүшү айыл чарба, саламаттыкты сактоо, социалдык тейлөө, каржылык ортомчулук, кыймылсыз мүлк, билим берүү жана курулуш тармактарында катталды.