Кыргызстанда орточо айлык 51 миң 888 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык 51 миң 888 сомду түздү.

 

Мындай маалыматты ушул жылдын январь–май айларына Улуттук статистика комитети жарыялады. Мекеменин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25 пайызга жогорулаган.

 

Орточо эмгек акынын эң жогорку деңгээли маданият, көңүл ачуу жана эс алуу, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, токой чарбасы, ошондой эле башка айрым тармактарда катталган.