Кыргызстанда орточо айлык бир жылда 10 миң 400 сомго өстү.
Мындай маалыматты Статистика боюнча улуттук комитет жарыялаган материалдан көрүүгө болот.
Мекеме белгилегендей, быйыл январь – май айларында орточо эмгек акы 51 миң 900 сомду түздү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 41,5 миң сом болгон.



