Кыргызстанда орточо эмгек акы 42 миң 757 сомду түздү. 2025-жылдын январынан сентябрына чейинки маалымат менен Улуттук статистикалык комитети бөлүштү.
Белгиленгендей, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,5 пайызга көп. Инфляцияны эске алганда, реалдуу эмгек акынын өлчөмү дээрлик 11 пайызга жогорулаган.
Орточо номиналдык эмгек акынын өсүшү бардык экономикалык ишмердүүлүк боюнча катталды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



