Кыргызстанда орточо жашоо минимуму 8 миң 253 сом деп эсептелди. Жылдын биринчи жарымындагы маалымат менен Улуттук статистикалык комитет бөлүштү.
Көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,2%га өскөн.
Маалыматка ылайык, калктын эмгекке жарамдуу катмарынын жашоо минимумунун өлчөмү 9 миң 217 сом болсо, пенсия курагындагылардыкы 7 миң 282 сомду түздү. Балдардын жашоо минимуму 7 миң 42 сом болду.
Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүктүн, тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



