Кыргызстанда ОСАГО 2024-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү болот

Кыргызстанда ОСАГО 2024-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү болот. Тиешелүү токтом долбоорун Министрлер кабинети кабыл алды. Камсыздандыруусу жок унаа ээлерине кийинки жылдан тарта айып салына.

 

Ал эми юридикалык жактарга, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына таандык болгон, ошондой эле башка мамлекетте каттоого алынган машинелерден ушул жылдын  1-апрелинен тарта полис талап кылынат.

 

Белгилеп кетсек, бардык категориядагы унаалар үчүн милдеттүү камсыздандыруу талабы ушул жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирмек. Бирок коомчулуктун нааразычылыгынан улам, аны киргизүү жылдырылган.