Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү

Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орун үчүн 460 талапкер ат салышты.

 

Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси иштеди. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке, чет өлкөлөрдө жалпы 100 добушкана ачылган.

 

Кечээ кечки саат 19:00гө карата 1 млн 472 миң 264 жаран добуш берди. Бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 34,31% түзөт.

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоо өнөктүгү башталгандан бери мыйзам бузулушу мүмкүн болгон фактылар тууралуу 269 билдирүү келип түшкөнүн билдирди жана алар мыйзам алкагында каралганын айтты.

 

Шайлоонун расмий жыйынтыгы болжол менен 14-декабрда жарыяланат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.