Кыргызстанда рулу оңдон солго которулган унааларды мыйзамдаштырып, каттоого уруксат берүү сунушталууда

Кыргызстанда рулу оңдон солго которулган унааларды мыйзамдаштырып, каттоого уруксат берүү сунушталууда.

 

Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

 

Демилге чет элдик номердеги унааларды мыйзамдаштыруу өнөктүгүнүн алкагында каралууда. Мындай унаалардын техникалык абалы жана кайра жабдылышы атайын текшерилет. Коопсуздук талаптарына жооп бербеген машиналар каттоодон өтпөйт. Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, өлкөдө мындай унаалардын саны 50гө жакын.