Кыргызстанда Саламаттыкты сактоо министрлиги алдында Травматология жана ортопедия улуттук борбору түзүлөт

Кыргызстанда Саламаттыкты сактоо министрлиги алдында Травматология жана ортопедия улуттук борбору түзүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Чечим саламаттыкты сактоо системасынын сапатын жогорулатууга жана калктын медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталат. Министрлер кабинетине 3 айдын ичинде травматология борборунун уставын иштеп чыгып, аны бекитүү тапшырмасы берилди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.