Кыргызстанда самокат айдоочулары үчүн расмий жүрүү эрежелери бекитилди

Кыргызстанда самокат айдоочулары үчүн расмий жүрүү эрежелери бекитилди.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, эми 7 жашка чейинки балдар самокатты чоңдордун коштоосунда гана айдай алат.

 

Айдоочулар үчүн шлем кийүү, түнкүсүн жарык чагылдыруучу кийим колдонуу милдеттүү. Жөө өтмөктөрдөн самокатты сүйрөп өтүү талап кылынат. Максималдуу ылдамдык саатына 25 чакырым деп белгиленди. Эрежени бузгандарга 3 миң сомго чейин айып салынат.