Кыргызстанда санарип аттестаттар киргизилүүдө

Кыргызстанда санарип аттестаттар киргизилүүдө. Бул тууралуу Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди. Анын айтымында, мындай документтер бул жылдын бүтүрүүчүлөрүнө гана эмес, буга чейинкилерге дагы берилүүдө.

 

2000-жылдан берки аттестаттар электрондук вариантка өткөрүлүп жатат. Санарип аттестаттар бир катар артыкчылыкка ээ.

 

Алсак, алар тез арада даярдалып, жоготуу учурунда калыбына келтирүү оңой. Андан тышкары, ар бир аттестатта уникалдуу QR-код бар — аны менен документтин аныктыгын текшерсе болот.