Кыргызстанда “Санарип чек ара” мобилдик тиркемеси ишке кирди

Кыргызстанда “Санарип чек ара” мобилдик тиркемеси ишке кирди.

 

Ал аркылуу жарандар жана чет өлкөлүктөр мамлекеттик чек арадан өтүү, өткөрүү пункттарынын иши тууралуу маалымат алып, өлкөдөн чыгууга убактылуу чектөө бар-жогун алдын ала текшере алышат.

 

Азырынча тиркеме Android түзмөктөрүндө жеткиликтүү, ал эми iPhone үчүн версиясы июлдун аягына чейин чыгары күтүлүүдө. Ошондой эле веб-нускасы да иштейт.