Кыргызстанда “Санарип мектеп” долбоору ишке киргизилет

Кыргызстанда “Санарип мектеп” долбоору ишке киргизилет. Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдиргендей, бул максатта 10 мектеп тандалып алынды. Жумушчу долбоордун алкагында аларга окуучулар чип же атайын карта аркылуу гана киришет.

 

Ата-энелерге балдары окуу жайга канчада кирип, канчада чыккандыгы жана ашканадан эмне сатып алганы тууралуу билдирүү келип турат. Ошондой эле, бул мектептерде журнал жана күндөлүктөр электрондук вариантта болуп, ата-энелерге жеткиликтүү болот.