Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустарга кабылуу көрсөткүчү кайрадан өсүүдө

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустарга кабылуу көрсөткүчү кайрадан өсүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 10-февралдан 16-февралга чейин республикада 10 миң 796 учур катталды.

 

Бул өткөн жумага салыштырмалуу 3 пайызга көп. Дарыгерлер өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөп, балдардын мектепке баруусун тактап жатат. Ооруну алдын алуу үчүн эл көп чогулган жерге баруудан баш тартып, жеке гигиенаны сактоо сунушталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.