Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйүүдө

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей,  10-16-ноябрь аралыгында өлкө боюнча дарыгерге кайрылгандардын саны дээрлик 8 миң адамга жетти.

 

Бул ага чейинки аптага салыштырганда 17,4 пайызга көп. Ооруга чалдыккандардын көбү 14 жашка чейинки балдар. Республиканын бардык аймагында окуучулардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.