Кыргызстанда “Социалдык келишим” долбоорунун катышуучулары үчүн пайызсыз насыя берүү программасынын үчүнчү этабы ишке кирди.
Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, программанын алкагында өз ишин ийгиликтүү ачып, кредиттик тарыхы таза болгон жарандар үч жылдык мөөнөткө чейин 200 миң сомго чейин насыя ала алышат. Насыя үчүн пайыз төлөнбөйт — аны мамлекет өз мойнуна алат.



