Кыргызстанда социалдык жөлөк пулдарды көбөйтүү үчүн быйыл 2 миллиард сом талап кылынат

Кыргызстанда социалдык жөлөк пулдарды көбөйтүү үчүн быйыл 2 миллиард сом талап кылынат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

“Мисалы жанагы “үй-бүлөгө көмөк” деген пособияга ушул эле 2022-жылга кошумча 1 миллиард, 191 миллион сом керектелет. Персоналдык ассистентке болсо 570 миллион сом керек. Социалдык пособиеге болсо 270 миллион сом керек да. Жалпылап айтканда, ушул эле жылда кошумча 2 миллиард сом керек болот”

Эске салсак, президенттин жарлыгына ылайык, айрым жөлөк пулдар 1-июндан тарта 300 сомдон 3 миң сомго чейин жогорулатылат.