
Кыргызстанда соода тармагындагы патентти электрондук түрдө алуу кызматы ишке кирди.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, ишкерлер салык төлөөчүнүн кабинетине кирип, бир нече кадам аркылуу патентти онлайн тариздей алышат.
Төлөм QR-код аркылуу жүргүзүлүп, төлөнгөндөн кийин патент автоматтык түрдө күчүнө кирет. Жаңы система салык органдарына барбай эле документтерди тариздөөгө шарт түзөт.


