Кыргызстанда сырттан картошка ташып келүүгө алты айга тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстанда сырттан картошка ташып келүүгө алты айга тыюу салуу сунушталууда.

 

Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Чара ички рыноктогу

бааны турукташтырып, жергиликтүү дыйкандарга түшүмүн сатууга шарт түзүү максатын көздөйт.

 

Январь-июль айларында өлкөгө 24,7 миң тонна картошка импорттолгон, анын 21,4 миң тоннасы Кытайдан келген. Ал эми быйыл Кыргызстанда 1 миллион 250 миң тоннага жакын картошка жыйналары күтүлүүдө. Бул ички керектөөдөн 450 миң тоннага көп. Тыюу транзиттик жүккө жана атайын максаттар үчүн алып келинген картошкага тиешелүү болбойт.