Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, дыйкандар пландалган айдоо аянттарынын жарымынан көбүн жыйнап бүтүштү. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 26 миң гектарга көп.
Кампаларга дээрлик 1 миллион тонна дан эгин жеткирилди, ал эми жалпы түшүм дээрлик 7 пайызга өстү.
Буудайдын көрсөткүчү да жакшы: анын 80 пайыздан ашык аянты жыйналып, түшүмдүүлүк дээрлик үчтөн бирге көбөйдү.
Жашылча, картошка жана бакча өсүмдүктөрүн жыйноо да активдүү жүрүп, алардын көлөмү кыйла өстү. Иш Чүй облусунда жана өлкөнүн түштүгүндө ылдам жүрүүдө, ал эми тоолуу аймактарда түшүм жыйноо иштери эми башталып жатат.



