Кыргызстанда таксисттер лицензия алууга милдеттендирилет

Кыргызстанда таксисттер лицензия алууга милдеттендирилет. Тиешелүү мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги иштеп чыкты. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө таксиден башка бардык жүргүнчү ташуучу транспорт лицензия алышы керек.

 

Ведомство бул пунтту алып салууну сунуштады. Бир жылга лицензиянын баасы  500 сом деп бекитилет. Министрликтен белгилешкендей, документтин негизги максаты коопсуздукту камсыздоо болуп эсептелет. Мыйзам долбоор коомдук талкууга чыгарылды.