Кыргызстанда тигүүчүлөр менен маркетплейстерде иштеген ишкерлер үчүн салыкты убактылуу алып салуу сунушталды

Кыргызстанда тигүүчүлөр менен маркетплейстерде иштеген ишкерлер үчүн салыкты убактылуу алып салуу сунушталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.

 

Анын айтымында, учурда тигүүчүлөр 0,25 пайыз, ал эми маркетплейстердеги сатуучулар 2 пайыз бирдиктүү салык төлөшөт. Жеңилдикти 1-августтан тартып жыл аягына чейин киргизүү пландалууда.