Кыргызстанда тигүү өнөр жайын бирдиктүү салыктан бошотуу сунушталды

Кыргызстанда быйылкы жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин тигүү жана текстиль өндүрүшү менен алектенген ишкерлерди, ошондой эле маркетплейстер аркылуу соода кылган сатуучуларды бирдиктүү салык төлөөдөн жана ал боюнча отчет тапшыруудан бошотуу сунушталды.

 

Салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Экономика жана коммерция министрлиги демилгеледи.

 

Мыйзам долбоорунда баалуу кагаздардан түшкөн пайыздык кирешеге жана алардын наркынын өсүшүнөн алынган кирешеге киреше салыгын салбоо, ошондой эле улуттук паспортторду жана акциздик маркаларды чыгарууга керектелүүчү чийки заттарды импорттоону кошумча нарк салыгынан бошотуу каралган.