Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүктү үйгө жеткирүү кызматы иштей баштады

Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүктү үйгө жеткирүү кызматы иштей баштады.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, жарандар инновацияны электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы же Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу документти онлайн тариздөө менен колдоно алышат.

Кызматты онлайн алуу үчүн калкты тейлөө борборлорунда акысыз берилген электрондук кол тамга болушу керек.

Жаңычылдык бүгүнтөн тарта жеткиликтүү.