Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду.
Документ эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды даярдоо системасын өркүндөтүү, жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү үчүн заманбап база түзүү жана таланттуу спортчуларды системалуу колдоо максатында кабыл алынды.



