Кыргызстан USDKG деп аталган алгачкы мамлекеттик криптовалютасын расмий ишке киргизди. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Tron блокчейнинде 50 миллион даана токен жүгүртүүгө чыгарылды.
USDKG – Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы санарип актив. Анын курсу сомго байланган, каржылоо Финансы министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
Белгилеп кетсек, Кыргызстан Борбор Азияда биринчилерден болуп өзүнүн санарип активин чыгарган өлкө болуп калды. USDKG активи алтын жана АКШ доллары менен камсыздалган.
Эске салсак, интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акча жалпысынан криптовалюта деп аталат жана анын бир нече түрү бар.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



