Кыргызстанда ушул айда айыл чарбасын каттоо жүрөт

Кыргызстанда ушул айда айыл чарбасын каттоо жүрөт. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, өнөктүк 20-октябрда башталып, 10-ноябрга чейин уланат. Каттоону өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 278 миллион сом бөлүндү.

 

Ошондой эле эл аралык уюм 55 миң доллар өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөттү. Каражаттын басымдуу бөлүгү каттоо процедурасын жүргүзө турган операторлордун айлыгына багытталат. Калган сумма уюштуруу иштерине жумшалат.