Кыргызстанда ушул айда бензиндин баасы 2 сомго чейин кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда ушул айда бензиндин баасы 2 сомго чейин кымбатташы мүмкүн.

 

Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришти. Маалыматка караганда, жаз айларында Россиянын мунайды кайра иштеткен заводдору пландык профилактикалык оңдоо иштерин баштагандыктан рынокто мунай азыгы азая түшөт.

 

Ал эми дизель майына болгон баа жыл башынан бери эле жогорку деңгээлде сакталып турат. Буга Россия майды Кытай, Индия, Монголия сыяктуу өлкөлөргө дагы экспорттоп жатканы себеп.