Кыргызстанда виртуалдык активдерди лицензиялоо үчүн жаңы санарип платформа түзүлөт. Бул маселе өткөн аптада Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен өткөн Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин үчүнчү жыйынында каралды.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүүнүн Кыргызстан үчүн стратегиялык маанисин белгиледи.
Ошондой эле виртуалдык активдерди, блокчейн-технологияларды жана финансылык жаңы санарип жабдыктарды өнүктүрүү зарылчылыгын айтты.



