Кыргызстанда жаңы такси кызматы түзүлүп, электромобилдер паркы ачылат.
Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Тиешелүү макулдашууга “Улуттук инвестициялык фонд” менен кытайлык компаниянын ортосунда кол коюлду.
Келишимдин алкагында өлкөдө улуттук такси агрегатору, электромобилдер паркы жана электр унааларын кубаттоочу станциялар тармагы түзүлөт. Долбоорлор транспорт тармагын санариптештирүүгө жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүүгө багытталат.



