Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөн катышуучулардын 67 пайызы 110 баллдык босогодон өттү

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөн катышуучулардын 67 пайызы 110 баллдык босогодон өттү. Бул тууралуу Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

 

Анын айтымында, орточо балл 128ди түздү. Эске салсак, быйылтан тартып тестирлөөнүн жыйынтыгы жогорку окуу жайларга гана эмес, колледждерге тапшыруу үчүн да милдеттүү болуп калды. Жакынкы күндөрү кабыл алуу кампаниясынын графиги жарыяланат.