Кыргызстанда жарандардын жаш курагы боюнча пенсияга чыгуусун онлайн форматта ишке ашыруучу жаңы система 1-июлдан тартып ишке кирет

Кыргызстанда жарандардын жаш курагы боюнча пенсияга чыгуусун онлайн форматта ишке ашыруучу жаңы система 1-июлдан тартып ишке кирет.

 

Социалдык фонддун маалыматына караганда, бул автоматташтырылган маалыматтык системага ылайык, жарандар пенсияга чыгуу үчүн мурункудай эмгек стажын далилдеген жана башка документтерди чогултуудан бошотулат.

 

Ошондой эле пенсияга чыгууга арыз жазуу үчүн Соцфондго баруунун да зарылчылыгы жок болот. Система “Түндүк” тиркемеси аркылуу ишке ашат. Жарандардын пенсиялык жаш курагы жеткенде — эркектер 63 жашка, аялдар 58 жашка чыкканда, эгерде кеминде алты жылдык эмгек стажы бар болсо, аларга тиркеме аркылуу маалымат келет.