Бүгүн күндүз өлкөдө жарыктын кыска убакытка өчүп-күйүшүнө коңшу Казакстандагы мүчүлүштүк себеп болду. Бул тууралуу энергетиктер билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 15:34тө Казакстандын түндүгү менен түштүгүн кошкон негизги чоң линияда өчүрүү болгон. Анын айынан Борбор Азиянын жалпы энергетикалык шакекчеси үзүлүп, Кыргызстандын электр системасы убактылуу башкалардан бөлүнүп, өз алдынча иштөөгө аргасыз болгон. Жабдуулар күйүп же бузулуп кетпеши үчүн автоматтык коргоо системасы дароо иштеп кеткен.
Энергетиктер кырдаал толук көзөмөлдө экенин жана баарын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын айтышты. Азыр өлкөдө жарыксыз калган жер жок, электр энергиясы толук берилүүдө.



