Ушул жылдын үчүнчү кварталында Кыргызстанда жалпы жашоо минимумунун орточо баасы 7 миң 889 сом деп эсептелди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимумунун өлчөмү айына 8 миң 827 сом, пенсия курагындагылар үчүн 6 миң 992 сом, балдар үчүн 6 миң 703 сом болду.
Жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Бишкек шаарында 8 миң 172 сом, эң төмөнкүсү Чүй облусунда 7 миң 376 сомду түздү.
Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



