Кыргызстанда жеке турак үйлөрдүн баасы өстү

Кыргызстанда быйылкы жылдын беш айында жеке турак үйлөрдүн баасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32 пайыздан ашык өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары жана кадастр боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

 

Маалыматка ылайык, жеке үйлөрдүн баасынын өсүшү батирлерге караганда дээрлик эки эсе жогору болду. Батирлер ушул эле мезгилде 17,2 пайызга кымбаттаган.

 

Ведомство белгилегендей, турак жай рыногу адатта жылдын биринчи кварталынын аягында жандана баштайт. Кыш мезгилинде суроо-талап азайып, андан кийин базар активдүүлүгү кайра өсөт.