Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру старт алды.
“Абитуриент Online” порталындагы маалыматка ылайык, каттоо 22-июль, күндүзгү саат 2ге чейин уланат.
Биринчи турда 42 миң 600 электрондук талон катталып, алардын негизинде 29 миң 500 абитуриент окууга сунушталган. Быйылкы кабыл алуу өнөктүгү жалпысынан беш этап менен өтөт.



