Кыргызстанда жогорку окуу жайларга тапшыруудагы босого баллдар өзгөрүүсүз калды

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга тапшыруудагы босого баллдар өзгөрүүсүз калды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана иннованциялар министрлигинен билдиришти.

 

Негизги тест боюнча босого — 110 балл, предметтик тесттер боюнча — 60 балл. Айрым адистиктерде талаптар жогору: педагогикада — 130 балл, медицинада — 120, айыл чарба багыттарында — 100 балл. Быйыл жалпысынан 10 миң гранттык орун каралган. Кабыл алуу “Абитуриент онлайн” платформасында жүргүзүлөт.