Кыргызстанда жол кырсыктарын азайтуу үчүн 2030-жылга чейинки жол коопсуздугу программасы иштелип чыкты

Кыргызстанда жол кырсыктарын азайтуу үчүн 2030-жылга чейинки жол коопсуздугу программасы иштелип чыкты.

 

Ага ылайык, эреже бузууларды дрондор жана камералар аркылуу аныктоо күчөтүлүп, Бишкек — Ысык-Көл жолунда орточо ылдамдыкты автоматтык өлчөө системасы киргизилиши мүмкүн. Ошондой эле жол эрежесин кайра-кайра бузган айдоочулар күбөлүгүнөн убактылуу ажыратылып, кайрадан сынак тапшырууга милдеттендирилет.

 

Велосипед, мопед жана скутер айдагандарга шлем кийүү талабы коюлуп, ижарадагы электр самокаттарын этап-этабы менен велосипеддерге алмаштыруу сунушталууда.