Кыргызстанда жол техникасына GPS-навигаторлор орнотулууда. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун максаты — унааларды колдонууда ачыктыкты жана натыйжалуулукту камсыздоо.
Система каттамдарды көзөмөлдөп, өткөн чакырым аралыкты тактап, техниканы мыйзамсыз колдонууну алдын алууга жардам берет. Учурга карата 700дөн ашык навигатор орнотулду.



