Кыргызстанда жумушсуздардын жалпы саны 104  миң 700 адамды түзөт

Кыргызстанда жумушсуздардын жалпы саны 104  миң 700 адамды түзөт. Мындай маалымат иш менен камсыз кылуу жана эмгектин келечеги тууралуу форумда айтылды.

 

Ал эми жумушсуздуктун жалпы деңгээли өлкө аймагында  3,7 пайызга жетет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги буга чейин өлкөдө иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарынын каттоосунда 56,5 миң жумушсуз жаран турганын маалымдаган.