Кыргызстанда жыл башынан бери дыйкан-фермерлерге 3,7 миллиард сомго 1 мин 123 даана лизингдик техника берилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоор мамлекеттик банктар аркылуу ишке ашырылып жатат. Учурда банктар дыйкандарга жылдык үстөгү 6 пайыз менен 7 жылга чейинки мөөнөткө лизингге айыл чарба техникасынын бардык түрлөрүн жана кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдууларды берет.



