Быйыл өлкөдө электр энергиясын керектөө 19 миллиард 600 миллион киловатт-саатка жетери болжолдонууда. Анын 4 миллиард киловатт-саатка жакыны импорттолот.
Бюджеттик мекемелер үчүн 319 миң тонна көмүр, ал эми калк үчүн дээрлик 1,5 миллион тонна көмүр даярдоо зарыл.
Министрлер кабинетинде кышка даярдыкты өз убагында аяктоо, көмүрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана электр энергиясын керектөөнү көзөмөлдөө тапшырылды.



