Кыргызстандагы 2 миң бийик тоолуу көлдүн ичинен 368инде жырылуу коркунучу бар. Бул тууралуу 24 агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев билдирди.
Анын айтымында, спутник аркылуу апрелден бери байкоо жүргүзүлүп келсе, июндан тарта күн сайын көлдөр тыкыр көзөмөл алдында. Эске салсак, 27-июнда Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кеткен. Сакыевдин айтымында, бул туруктуу көл эмес, ал 15-16 жылда бир пайда болот.



