Кыргызстандагы эң чоң стадиондун курулушу дээрлик аягына чыгып калды. 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган “Бишкек Арена” 1-августта пайдаланууга берилет.
Стадион FIFA жана AFC стандарттарына ылайык курулуп жаткандыктан, өлкөдө эл аралык деңгээлдеги оюндарды жана мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Долбоордун алкагында ири соода борбору да курулууда. Андан түшкөн каражат спорттук комплекске жумшалат.



