Кыргызстандагы социалдык объектилердин курулушу онлайн көзөмөлдөнөт

Кыргызстандагы социалдык объектилердин курулушу онлайн көзөмөлдөнөт.

 

Курулуш министри Нурдан Орунтаев Кыргызстан боюнча курулуп жаткан  376 мектеп, бала бакча, оорукана жана башка социалдык инфраструктура объектилери дайыма көзөмөлдө экенин билдирди.

 

Анын айтымында, курулуш процессин онлайн режимде байкап турууга мүмкүнчүлүк берген атайын жабдуулар сатып алынган. Алсак, арматура, бетон куюунун сапаты көрүнөт. Курулуш материалдары кайсы заводдон келгенине чейин текшерсе болот, — деди Орунтаев.