Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана аларды каттоо мөөнөтү белгилүү болду. Боршайкомдун маалыматы боюнча, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү 7-октябрда, ал эми талапкерлердин тизмесин каттоо 18-октябрда аяктайт.
Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 17-октябрга чейин жүргүзүлөт, ал эми талапкерлерди каттоо 28-октябрда жыйынтыкталат. Белгилеп кетсек, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 17-ноябрга дайындалган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.