Министрлер кабинети мунай жана мунай продуктуларын ташып келүүнү жана ташып чыгууну убактылуу жөнгө салууга байланыштуу мурдагы токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, күйүүчү-майлоочу материалдардын айрым түрлөрүн автоунаа менен ташып келүүгө уруксат 2027-жылдын 1-апрелине чейин узартылды.
Чечим өлкөнүн ички мунай рыногунун туруктуу иштешин камсыз кылуу, энергетикалык коопсуздукту сактоо, күйүүчү-майлоочу майлардын тартыштыгына жол бербөө жана ички керектөөнү үзгүлтүксүз камсыздоо максатында кабыл алынды.
Ал эми өлкө аймагынан автомобиль жана темир жол транспорту аркылуу мунайды жана мунай продуктуларын экспорттоого ички рынок толук камсыз болгонго чейин тыюу салынат.



